Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

Спортчу Валентина Шевченко UFC мушкерлеринин рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү.

12-декабрда UFC 269 турниринде биринчи орунду ээлеген бразилиялык Аманда Нунес америкалык Жулиана Пейнге утулуп, өз дивизионунда чемпиондук курдан ажырап, рейтингде үчүнчү орунга чыкты.

Ошентип, Валентина Шевченко эки рейтингде алдыда келе жатат: өз салмак категориясында жана жалпы эсепте. Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко азыр Кыргызстанда.