Кечээ, 7-мартта Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган.
Көп өтпөй кыздын ордуна өзүн барымтага алууну өтүнүп, андан соң полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармашкан жарандын видеосу чыккан. Кийин аталган жаран Муса Абдраим экени аныкталып, ага «Эрдиги үчүн» сыйлыгын тапшыруу боюнча буйрукка Казакстандын президенти кол койгон.
Бүгүн, 8-мартта президенттин атынан Эрболат Досаев тапшырды. Аким Муса Абдраимге «Эрдиги үчүн» медалын тапшырды жана акчалай сыйлык да берди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram