Азия оюндары-2026: Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду
Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Мээрим Жуманазарова мелдештеги алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Жарым финалда кыргызстандык спортсмен Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калган. Коло медаль үчүн болгон беттеште Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.