Abank_oct
SerepTV Logo

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов күмүш медалга ээ болду

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов күмүш медалга ээ болду
 
Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Нагоя шаарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак чен бирдигинде Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандык балбан мелдешти чейрек финалдан баштап, өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Асан Жанышов Казакстандын өкүлү Шамиль Ожаев менен күч сынашып, 6:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми чечүүчү беттеште жапониялык Йошидо Тайзо менен килемге чыгып, мелдеш 1:11 эсебинде Жапон спортсменинин жеңиши менен аяктады.
SEREP MEDIA