Армения парламенти өлкөнүн Евробиримдикке кирүү процессин демилгелеген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Интерфакс билдиргендей, документти 63 депутат колдосо, жетөө каршы добуш берди.
Буга чейин январь айында Армениянын Өкмөтү бул мыйзам долбоорун жактырган. ТИМ башчысы Арарат Мирзоян демилге жарандардан чыкканын, евроинтеграция үчүн 50 миңден ашуун кол топтолгонун белгиледи. Премьер-министр Никол Пашинян белгилегендей, мыйзам кабыл алынгандан кийин Ереван ЕБ менен мындан аркы кадамдарды аныктай турган жол картасын талкуулашы керек. Евробиримдикке кирүү боюнча акыркы чечим референдумда кабыл алынат.