Австриянын Грац шаарындагы гимназияда ок атуудан кеминде 9 киши каза болуп, 20дан ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу Kronen Zeitung жазды.
Маалыматка караганда, окту гимназиянын окуучусу чыгарып, соңунда өзүн атып алганы айтылды.
APA маалымат агенттиги мерт болгондордун арасында жети окуучу жана бир чоң киши бар экенин билдирди.