АКШ президенти Дональд Трамп ХАМАС кыймылынан 15-февралда түшкө чейин бардык израилдик барымтадагыларды бошотууну талап кылды. Талап аткарылбаса Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу режими бузуларын эскертти.
«Эгер барымтадагылар ишемби күнү саат 12:00гө чейин кайтып келбесе, анда баарын жокко чыгарууга убакыт келди деп түшүнөбүз. Андан кийин чыныгы тозок башталат», — деди Трамп.
Буга чейин Хамастын өкүлү Абу Убейда ишемби күнгө белгиленген барымтадагыларды бошотпой тургандыгын айткан. Ал «Израил келишимди сактабагандыктан кийинкиге жылдырылат» деп билдирген.
Израил ХАМАСты израилдик туткундардын тирүү же өлгөндөрдүн тизмесин бербей, ок атышууну токтотуу шарттарын бузду деп айыптаган.
19-январдан тартып Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышууну токтотуу жана туткундарды өткөрүп берүү келишими күчүнө кирген эле. Алар биринчи этапта 42 күнгө ок атышууну токтотууну макулдашышкан.