Германиянын Гессен федералдык аймагынын Римбах шаарындагы банкка эркек киши кирип, бир адамды барымтага алган. Жеринде полиция иштеп жатканын укук коргоочулар билдиришти.
Баскынчы бычак менен куралданган. Социалдык тармактарда анын аялдын кекиртегине бычак такаган видеосу тараган. Эркектин талаптары белгисиз. Банктын айланасы курчоого алынган.
«Бүгүн, эртең менен саат 8:00дө (Бишкек убактысы менен 13:00дө) бир киши банктын филиалына кирген. Ал жерде бир адам эркине каршы кармалып жатат», — деп айтылат Түштүк Гессен полициясынын соцтармактагы постунда.