Арман Жумагелдиев («Дикий Арман») 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазышты.
Жумагелдиев 2022-жылдын 7-январында массалык тополоңдон кийин кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, январь окуяларында анын тобунун мүчөлөрү 24 адамды уурдап, кармап кетишкен, алардын бири каза болгон. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен курал-жарак уурдагандыгы боюнча да айып тагылган.
Бул иш боюнча негизги сот жараяны 2023-жылдын октябрь айында башталган. Аталган ишке тиешеси бар делген 43 адам соттолуп жатат. Аларга 2022-жылдын январь айында бийликти же кызматтык ыйгарым укуктарды бузуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү, жетектөө жана ага катышуу, талап-тоноо, мыйзамсыз камоо, уюштуруу жана тополоңго катышуу боюнча айып тагылган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, улуттук коопсуздук комитетинин бешинчи департаментинин мурдагы жетекчиси, полковник Руслан Искаков январдагы окуяларда «Дикий Армандын» координатору болгон.
«Дикий Арман» кыргызстандык модель жана дизайнер Айкөл Аликжанованын күйөөсү.