Казакстандын Мангистау облусунун Мунайлы районунун Баскудук айылында 2-мартта үйдө жети адам, анын ичинде беш бала газга ууланып каза болгон. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Облустук өзгөчө кырдаалдар кызматынан билдиришкендей, кырсыкка газ жабдууларын иштетүүдө эреженин бузулушу себеп болушу мүмкүн. Каза болгондор Казакстанда убактылуу жашаган Өзбекстандын жарандары болгон.
Өзгөчө кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бийлик туугандарына жана маркумдарды акыркы сапарга узатууга жардам берет. Кырдаалды облустун акими көзөмөлгө алууда.