Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйчжоу провинциясында нөшөрлөп жааган жамгыр 80 миңден ашуун адамды эвакуациялоого мажбурлады. Жунцзян округунда футбол аянтчасын үч метр суу каптап, тоолуу аймактарда көпүрөлөр урап түшкөн.
Маалыматтарга ылайык, жергиликтүү бийлик жарандарды эвакуациялап, дрондор аркылуу тамак-аш жеткирип жатышат.
Суу каптоо коңшу Гуанси автономиялуу районуна да таасирин тийгизип, ал жерде да массалык эвакуациялар жүрүп жатат. Бир жума мурда Кытайдын түштүгүндө Вутип тайфунунан улам 70 миң адам эвакуацияланган болчу.
Посмотреть эту публикацию в Instagram