Венесуалада жер титиреди: Каза болгондордун саны 100 миңге жетиши ыктымал
Венесуэлада эки күчтүү жер титирөө болуп, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилиши мүмкүн. Курман болгондордун саны 10 000ден 100 000ге чейин жетиши ыктымал деп АКШнын Геологиялык кызматы билдирүүдө.
Жер титирөөлөр өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө катталган: адегенде күчү 7,2 балл болсо, бир мүнөткө жетпеген убакыттан кийин дагы бири 7,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Биринчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында болуп, анын очогу Кариб деңизинин жээгиндеги Морон шаарынан болжол менен 28 чакырым батышта, ал эми борбор калаа Каракастан 168 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очоктун тереңдиги 13 чакырым болгон. Кийинки жер титирөөнүн эпицентри Морон шаарынан 16 чакырым алыстыкта жайгашып, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.
Венесуэланын Ички иштер министрлиги Каракас шаарында турак жайлар жана башка имараттар кыйраганын билдирди. Ошондой эле өлкөнүн парламенти 25-июнга белгиленген пленардык жыйынын токтотту.
25-июнга караган түнү дагы бир 7,2 баллдык жер титирөө Тынч океанда, Япониянын Хонсю аралынын түндүк-чыгыш жээгине жакын аймакта катталган.