Өзбекстандын Наманган облусунда ага кол көтөргөн апасы менен мушташа кеткен баланын видеосу тарады.
Милициянын маалыматына караганда, окуя Давлатабад районунда болгон. Апасы сабап жатканда № 80 орто мектептин окуучусу апасы менен согуша баштаган.
Тартип сакчылары мектеп окуучусу жана анын апасы менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптарды элдештиришкен. Мындан ары мындай жагдайлар кайталанбашы үчүн тургундарга да алдын алуу чаралары көрүлдү. Укук коргоо кызматкерлери үй-бүлөгө тынымсыз көзөмөл жүргүзүшөт.