Өзбекстандагы Qanot Sharq Airlines авиакомпаниясы 23-январдан 6-мартка чейинки жалпы 23 каттамын токтотконун кабарлады. Анын себебин Airbus 320 учактарынын текшерүүдөн өтүп жатканынан улам деп түшүндүрүшкөн.
Ташкентке алты, Москвага тогуз, Ферганага бир, Наманганга эки, Бухарага бир, Самаркандга эки жана Санкт-Петербургга эки каттам убактылуу токтотулары кабарланды. Ал эми каттамдагы жүргүнчүлөрдөн компаниянын колдоо кызматына билеттерди кайтаруу же алмаштыруу жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылууну өтүнүштү.
C-check (Си-чек) — техникалык тейлөөнүн бул формасы кыйла татаал жана ар бир 15-24 айда же 7,5 миң саат учкандан кийин аткарылышы керек. С1, С2, С4, С6 жана С8 болуп бөлүнөт. Бул текшерүүгө эки жумага чейин убакыт талап кылынат.