«Мен силерге «Аскадай бол. Эмне болбосун, аскадай бол» деп айтчумун. Менде бул чыдамкайлык кайдан? Бүгүн мага ал керек болду. Йогадан, тайцзицюань машыгуусунан, жүрөктөн. Аскадай бол». Бул тууралуу Орусиянын Биринчи каналынын «Время» берүүсүнүн алып баруучусу Екатерина Андреева Инстаграмдагы баракчасына бөлүштү.
Кечээ, 14-мартта Орусиянын Биринчи каналынын кызматкери, редактор Марина Овсянникова «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырды. Ал «менин атам украин, апам орус. Алар эч качан душман болушкан эмес» дейт.