Шаршемби, 09.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+34° C

День: 17.06.2025

18-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү күтүлөт.  Абанын температурасы:  Чүй облусунда түнкүсүн +19… + 24, күндүз + 35… + 40 Талас облусунда түнкүсүн ...

Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Бул факты Тергөө кызматына өткөрүп ...

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөр автобусту кантип булгашарын көрсөттү

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөр автобусту кантип булгашарын көрсөттү

Муниципалитет тараткан видеодон автобустун ичине адамдар тапичкеден бери калтырып кетерин көрүүгө болот. “Кагаздарды таштап салган. Тапичкелери калган. Бул жакка салфеткасын байлап кетишкен. Суусундук ичип бөтөлкөсүн таштап кеткен. Конфеттин кабыктары... Печенье ...

Талас университетинин эски имараты бузулуп, 5 кабаттуу жаңы кампус курулат

Талас университетинин эски имараты бузулуп, 5 кабаттуу жаңы кампус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас Мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Жумаев билдирди. “Талас мамлекеттик университетинде ...

Эсептөө палатасы Жогорку Кеңешке отчёт берди

Эсептөө палатасы Жогорку Кеңешке отчёт берди

Кечээ, 16-июнда Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчёту Жогорку Кеңешке сунушталды. Отчёт Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып, аны Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов ...

ИИМ Камчы Көлбаевдин инисинин кармалышы боюнча маалымат берди

ИИМ Камчы Көлбаевдин инисинин кармалышы боюнча маалымат берди

ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жердин мыйзамсыз берилишин иликтөөдө. 27-май күнү Ички иштер министрлигине билдирме келип түшкөн. Анда 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Камчы Кольбаевтин уюшкан кылмыштуу ...

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Шектүү катары жердеши кармалды

Ошто бычакталып каза болгон тамада акыркы сапарга узатылды

Ошто бычакталып каза болгон тамада акыркы сапарга бүгүн, 17-июнда узатылды. 16-июнда Ош шаарында 28 жаштагы тамада бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Милициядан билдиришкендей, Жапалак айылынын 1997-жылы туулган тургунун жердеши ...

Бишкекте «Ак-кайың» балдар бакчасы ачылды. Иш-чарага Ташиев катышты

Бишкекте «Ак-кайың» балдар бакчасы ачылды. Иш-чарага Ташиев катышты

Бишкек шаарында «Ак-кайың» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, ...

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Казакстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Эки мамлекеттин ...

«Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды» деген видео тарады

Жети-Өгүздүн жайлоосунда өлгөн койдун саны 332ни түздү

Буга чейин социалдык тармактарда «Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды» деген видео тараган. Чым-Там жайлоосундагы окуя боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымат беришти. "Жети-Өгүз райондук ветеринардык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 11-июнь ...

Ошто португалиялык турист тоодон түшүрүлдү (видео)

Ошто португалиялык турист тоодон түшүрүлдү (видео)

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дара жайлоосунда кечээ, 16-июнда португалиялык турист унаасынын дөңгөлөгү жарылып тоодо калып калганы тууралуу маалымат ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Куткаруу иштерин ...

Унаадан белине чейин чыгып алган кыз үчүн айдоочу айыпка жыгылды

Унаадан белине чейин чыгып алган кыз үчүн айдоочу айыпка жыгылды

Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Бул факты боюнча Чүй облусунун Аламүдүн ...

Флоридада ата-энесинин көзүнчө 9 жашар кызга акула кол салды (видео)

Флоридада ата-энесинин көзүнчө 9 жашар кызга акула кол салды (видео)

Флорида штатындагы Бока-Гранде жээгинде үрөй учурган окуя болду. Тогуз жаштагы Леха Ленделге акула кол салган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, үй-бүлө жээкке жакын жерде эс алып жаткан кезде капысынан кыздын кыйкырыгы угулган. ...

Милиция жасалма 50 миң долларды сатууга аракет кылган шектүүнү кармады

Милиция жасалма 50 миң долларды сатууга аракет кылган шектүүнү кармады

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма чет өлкөлүк валютаны сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары жасалма 50 миң АКШ долларын сатуу үчүн сатып алуучуларды ...

Экскаватордун айдоочусу өрттөнүп жаткан унааны топурак менен өчүргөн видео тарады

Экскаватордун айдоочусу өрттөнүп жаткан унааны топурак менен өчүргөн видео тарады

Алтын-Ордо конушунда унаа өрттөндү. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди. «Экскаватор айдоочу жардамга келип, күйүп жаткан унааны топурак менен өчүрүп баштады», - деп жазат ал. https://static.bulbul.kg/mp4/8/105188.0e0db68dbe79d95cb669d6c4cce4b928.720.mp4

«Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды» деген видео тарады

«Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды» деген видео тарады

Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылганын "Турмуш" жазды. Маалыматка караганда, 11-июнга караган түнү Чым-Там жайлоосунда 300дөн ашуун кой-эчки өлгөн. Жергиликтүү чабан малдын моюн жагында төрт тиштин изи калганын айтып, илбирс ...

«Мүйүз, тери, кайык». Ысык-Көлдүн тургунунун үйүндө тинтүү жүрдү

«Мүйүз, тери, кайык». Ысык-Көлдүн тургунунун үйүндө тинтүү жүрдү

Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, 9-июнь күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск шаарчасынын эки тургунунун турак жайларында кечиктирилгис, мыйзам чегиндеги тинтүү ...

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Шектүү катары жердеши кармалды

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Шектүү катары жердеши кармалды

16-июнда Ош шаарында 28 жаштагы тамада бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Милициядан билдиришкендей, Жапалак айылынын 1997-жылы туулган тургунун жердеши пикир келишпестиктен улам бычак менен ...

Садыр Жапаров Астанага барды (видео)

Садыр Жапаров Астанага барды (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Борбор Азия - Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. Кечээ, 16-июнда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек ...

Израиль Ирандын телеканалына сокку урду. Бул учур түз эфирге түшүп калды

Израиль Ирандын телеканалына сокку урду. Бул учур түз эфирге түшүп калды

Израилдин аба күчтөрү Ирандын мамлекеттик "Иран үнү" радиосунун имаратына абадан сокку урганын Fars жана Mehr агенттиги кабарлады. Андан бир аз мурда Израилдин аскерлери Тегерандын түндүк-чыгышында жайгашкан район тургундарына эскертүү берип, ...

Депутат: «Жеке агенттиктер» жөнүндө конвенция ратификацияланса шылуундардан арылабыз»

Депутат: «Жеке агенттиктер» жөнүндө конвенция ратификацияланса шылуундардан арылабыз»

Кечээ, 16-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктер" жөнүндө конвенциясын ратификациялоо каралды. Эмгек министринин биринчи орун басары ...

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.