Израилдин аба күчтөрү Ирандын мамлекеттик «Иран үнү» радиосунун имаратына абадан сокку урганын Fars жана Mehr агенттиги кабарлады.
Андан бир аз мурда Израилдин аскерлери Тегерандын түндүк-чыгышында жайгашкан район тургундарына эскертүү берип, аларга «аймакты дароо таштап кеткиле» деп кеңеш берген.
Ruptly’нин Тегерандагы кеңсесинин башчысынын айтымында, ал видео агенттигинин кеңсеси жайгашкан турак жайга Израилдин алдыдагы соккусу тууралуу эскертүү алган.
Эскертүүдөн 40 мүнөт өткөндөн кийин Израилдин Коргоо күчтөрү Тегерандагы аскердик объектилерге сокку урулуп жатканын кабарлады жана чоо-жайын ачыкка чыгарууга убада берди.
«Fars» агенттиги бир нече мүнөт өткөндөн кийин түз берүүлөр кайра жанданганын кабарлады.