24-февралда Аскер прокуратурасы менен УКМК биргеликте «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын бир катар аскер кызматкерлерин кармаган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган райондордун аскер комиссариаттарынын айрым аскер кызматкерлери мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда негизсиз артыкчылыктарды бергендиги, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы, кызматка жараксыз деп мыйзамсыз таанылгандыгы, ошондой эле мобилизациялык резервге даярдоодон өтө турган адамдардын тизмесине мыйзамсыз киргизүү үчүн, жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар, анын ичинде бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кеткенин билдирген. Алар азыркы учурда...
Кечээ, 29-апрелде социалдык тармактарда окуучунун башка окуучуларды сабап жаткан видеосу тараган. Окуя Казакстанда болгонун "Тенгри" жазды. Маалыматка караганда, видео 2024-жылы...
Кечээ, 29-апрелде социалдык тармактарда эркек киши аял кишини аёосуз сабап жаткан видео жарыяланган. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Аталган факты...
Улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Лейлек районундагы "Нелегал" операциясынын алкагында, Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана...
Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 22-апрель күнү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына...
Бизди коргой турган аскер кызматкерлерибиз ушинтип,карапайым элден акча алса,биздин келечегибизди ким коргойт.Кантип ишенсек болот?
Өтө өкунучтуу
Өз өлкөбуздөгү бул көрунуш жакшы эмес го.
Коом кунөолу эмес,адамдын пейили,напсиси бузулду.
Ойлон,кыргызым,ойгон