Улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Лейлек районундагы «Нелегал» операциясынын алкагында, Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 18 жаштагы тургуну Баткен облусунан кармалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.