Буга чейин Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кеткенин билдирген. Алар азыркы учурда Хабаровск аймагынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Амурдагы Комсомольск шаарынын №7 шаардык ооруканасында дарыланууда.
Кыргыз Республикасынын Хабаровск крайындагы Ардактуу консулунун өкүлдөрү жарандарды дарылоо процессине жооптуу дарыгер менен жолугушуу өткөрүшкөн. Медицина мекемесинин маалыматына ылайык, 2004-жылы туулган И.К.нын абалы туруктуу, аң-сезими жайында, туугандары менен байланышка чыкты. 2004-жылы туулган М.А.га шашылыш операция жасалып, башындагы уюган кан алынган, абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, өз алдынча дем алып жатат. Консулдун маалыматына ылайык, 30-апрелде анын өкүлүнүн дарылоочу дарыгер жана университеттин администрациясы менен жолугушуусу пландалган.
Окуя боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.