“Айыл Банк” ААКсы ишкерлер үчүн жаңы “Береке” тиркемесин ишке киргизди. Тиркеменин бет ачары 23-май күнү Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы, Салык кызматынын төрагасы, “Айыл Банктын” жетекчилиги жана ишкер кардарлардын катышуусунда өттү.
Биринчи баскычтагы функционал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана онлайн ыргагында каттоо;
- Банкта жеке ишкердин эсебин онлайн режиминде акысыз ачуу;
- Жеке ишкердин Банктагы эсептерине онлайн шартында көчүрмөлөрдү ачуу;
- Электрондук патентти тариздетүү же мөөнөтүн узартуу;
- Жеке ишкердин Мамлекеттик Салык кызматында онлайн режиминде каттоодон өтүшү;
- QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу;
- Төлөмдөр таржымалы;
- Салыктык карыз.
“Береке” мобилдик тиркемеси – бизнес жүргүзүүдө ишенимдүү өнөктөш!