Учурда ТикТок социалдык тармагында Улуттук филармониянын солисти Ырыскелди Сатыбалдиевдин «Санат ыры», «Кең дүйнө» аттуу ырларды аткарып жатканда тартылган видеолору байма-бай тарап, популярдуу болуп жатат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ырыскелди Сатыбалдиев менен маектешип, көпчүлүк кызыккан бир нече суроолорго жооп алдык.
— Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Алма айылында төрөлгөм. 2016-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, 2020-жылы бүтүргөм. Билимим орто.
— Кичинеңизден эле ырга жакынсызбы? Үйдөгүлөрдөн кимиси жакшы ырдайт?
— Кантип филармонияда солист катары иштеп калдыңыз?
— Филармонияга маэстро Асылбек Насиртегиндин сунушу, ошол кишинин акыл-наасаты менен тандоо сынагына катышып калдым. Сынактан өтүп, иштеп жатам.
— Сиздин буга чейин эле ыр жаздырып келгениңизди билебиз, бирок эмнегедир ал ырлар эмес, «Санат ыры», «Кең дүйнө» менен популярдуу болуп кеткендейсиз. Мунун себеби эмнеде?
— Ооба, ошондой болуп жатат. Эми бул ырлар элдин канына сиңип калганы үчүн болсо керек. Авторлору жөнөкөй кишилер эмес да, Чубак Сатаев, Гүлжигит Сатыбековду эл жакшы көрүп, угушат. Балким ошол үчүн.
— Сизди көчөдөн тааныгандар болуп жатса керек. Элдин назарында болуу жагып жатабы?
— Ооба, таанып калып жатышат. Жакшы экен, себеби таанып калгандар жакшы каалоо-тилектерин айтышат.
— Көпчүлүккө өзгөчө костюмуңуз жагат, ошол костюмуңуз тууралуу айтып берсеңиз…
— Мен негизи жөнөкөй эле костюм кийип жүрчүмүн. Анан маэстро «сен жашсың, креативдүү болушуң керек» деди, анан ушул костюмду алып калдым. Кээ бирине жагат, кээ бирине жакпайт. Бирок өзүмө жагат (күлүп).
— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз…
— Жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса, жакында чыгарабыз.
— Ийгилик!