Кыргыз шоу, маданият чөйрөсүндө «бэйби бум» башталды көрүнөт. Кечээ, 10-май күнү актёр Камчы Сарыбаев да уулдуу болду. Бул маалыматты актёрдун жакындары СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.
Маалыматка ылайык, актёр кечээ кечки саат 10дордо уулдуу болгон. Наристе кесарево жолу менен төрөлүп, атасынын көкүрөгүнө жаткырылган.
Камчы Сарыбаев менен жубайы Элнура айымдын буга чейин 2 уул, 1 кызы болгон.











