Манасчы Дөөлөт Сыдыков эртең, 31-августта Москва шаарында Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин имаратында манас айтып баштайт жана ал 5 күн, 5 түнгө уланат. Бул тууралуу манасчынын соцтармактагы баракчасында маалымдалган.
Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кыргыз диаспора кеңешинин чакыруусу жана элчиликтин колдоосу менен уюштурулууда. Ошондой эле, манасчы бул жолу да Гиннесстин рекорддор китебине катталууга аракет кылат.
Дөөлөт Сыдыков 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебине катталуу максатында Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт бою манас айткан. Бирок анын бул аракети расмий катталган эмес.