Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова неберелүү болду. Тагыраагы уулу Эмил Ишен уулу менен келини, комузчу Айсаана Оморова уулдуу болушту.
“Келиним кечээ, 20-мартта борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. 25-мартта балдарым концерт коюшмак, ошого даярданып жүрүп эле төрөдү. Концертте келинимдин ордуна чыга турган башка адам жок болгондуктан, буюрса өзүм чыгам деп отурат”, — дейт Гүлзат Байзакова.
Белгилей кетсек, 25-мартта Гүлзат Байзакованын уулдары менен келини мүчө болгон “Үркөр” жаңы ансамблинин алгачкы концерти орун алат.