Быйылкы майрам күндү белгилөө “Камбаркан” жана “Ибарат” өңдүү чыгармалары улуттук музыканын классикасына айландырган залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул күнү Улуттук филармонияда Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт. Мындан сырткары Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.
«Царица» шоусу: Бегимай Турусбекова жогорку упай менен кийинки турга өттү
"Царица" шоу-берүүсүнүн катышуучусу Бегимай Турусбекова көрүүчүлөр берген 9,21 баллы менен кийинки турга өттү. Лариса Долина бардыгын жактырганын айтса, Нюша Бегимайдын...