Быйылкы майрам күндү белгилөө “Камбаркан” жана “Ибарат” өңдүү чыгармалары улуттук музыканын классикасына айландырган залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул күнү Улуттук филармонияда Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт. Мындан сырткары Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.
Блогер Гузи Исламова туулган күнүндө өзүнө унаа белек кылды
Блогер, модель Гузи Исламова туулган күнүндө өзүнө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып, видео менен...