Ырчы Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анын атын жамынып ТикТокто отурган адам тууралуу кеп кылды.
«Эфирге чыгууга мажбур болуп жатам. ТикТокто бир адам менин атымды жамынып, ырдоодо. Ишенбеңиздер. «Ичип алганбы» деген сыяктуу пикирлер болушу мүмкүн. Ошол маселени кантип чечүү керек? Фейктерге кантип чара көрсө болот? Адамдын аброюна шек келтирүү деген бар. Органдарга кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүү керек», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram