29-мартта кыргыз улуттук опера жана балет театрында Руслан Акун режиссёрлук кылган “Агай” көп сериялуу тасмасынын бет-ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Гапыр агай азыр арабызда бар. Гапыр Мадеминов — Баткен облусундагы Лейлек районунун коңшу Тажикстан менен чек арада жайгашкан айылда “Акыл эмгегинин маданияты”, “Энелер мектеби” усулдарына таянып, № 3 эксперименталдык гимназияны түптөгөн. Ал иштеп чыккан усулдар, программа менен даярдап чыгарган китептер менен билим алган гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ошол күндөн ушул күнгө чейин республикадагы жана чет өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга акысыз өтүп келишет.










