Каскадёр, актриса Асланайым Аширова Бишкекте өткөрүлгөн жаа атуу боюнча биринчилигинде кубокко ээ болду. Ийгилиги тууралуу ал Инстаграм баракчасына бөлүштү.
«Айрымдар менин алган жаракатыма күлгөнчө мен өзүмдүн үстүмдөн иштедим. Бутума туруп, кайрадан басууну үйрөндүм, калыбыма келдим. Бишкекте өткөрүлгөн Жаа атуу боюнча биринчилигинде кубокту утуп алдым. Мени колдогондордун баарына ыраазычылык», — деп жазган Асланайым.
2019-жылы Асланайым Аширова Сауд Арабияда өткөн «Көчмөндөр ааламы» фестивалында кырсыкка учурап, бутун сындырып алган.