Эрнест Абдыжапаров режиссёрлук кылган “Ак салкын” тасмасы жарык көрдү. “Боз салкындын” уландысы деп айтылган бул тасманын жабык көрсөтүүсү 24-мартта борбордогу кинотеатрлардын биринде орун алды. Ага кыргыз шоу-бизнес жана маданият чөйрөсүндөгү аттуу-баштуулардын дээрлик баары келди.
Кызыгы аталган тасмада “Боз салкын” фильмине катышкан актёрлордон Камчы Сарыбаев менен анын жубайынын ролундагы Гүлжамал Мамытбекова гана бар.
Режиссёр Эрнест Абдыжапаров социалдык тармактагы баракчасына 2006-жылы “Боз салкын” тасмасынын тартуу учурунда түшкөн сүрөттү жана 2021-жылы “Ак салкын” тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө түшкөн сүрөттү жүктөгөн. Сүрөттө Эрнест Абдыжапаров, анын кызы, режиссёр Перизат Эрнест кызы жана тасмада төшөк басып калган жеңенин образын жараткан актриса Гүлжамал Мамытбекованы көрүүгө болот.
«Ак салкын» тасмасынын жабык көрсөтүүсүнөн репортажды төмөндөгү видео аркылуу көрө аласыз.
Гүлжамал Мамытбекованын жолдошу, актёр Илим Калмуратов менен биргеликте берген маегин төмөндөгү видео аркылуу көрө аласыз.