Тамашоучу, актёр Жеңиш Майрамбек уулу кырк жылкылуу болду. Актёрду жакын санаалаштары куттуктап жаткан чагы.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жеңиш Майрамбек уулун куттуктап чалганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
«Жубайым кечээ, 18-августта кесарево жолу менен төрөдү. Кызымдын салмагы 3 килограмм 400 грамм болсо, бою 52-53 сантиметр экен. Учурда жубайымдын жана кызымдын абалы жакшы»,- деди ал.
Эске салсак, Жеңиш Майрамбек уулу жана сүйүктүүсү Нурайым 2015-жылдын октябрь айында баш кошушкан. Алар Алим жана Ариет аттуу балдарын тарбиялап келишет.