Актёр Рүстөм Аскенов экинчи ирет ата болду. Ал үй-бүлөсүндөгү толуктоолор тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.
«Кечээ, 31-май күнү жубайым аман-эсен уулубузду жарыкка алып келди. Уулумду азырынча көрө элекмин. Уулдун да өзүнчө сүрү бар экен. Дагы деле толкунданып турам», — дейт актёр.
Эске салсак, Рүстөм Аскенов менен жубайы Гүлзада бир кызды тарбиялап келишкен.