Abank july
SerepTV Logo

Голливуд жылдызы Дон "Дракон" Кыргызстанга келет

Голливуд жылдызы Дон "Дракон" Кыргызстанга келет
 
Белгилүү Голливуд актёру, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон «Дракон» Уилсон (Don “The Dragon” Wilson) кыргызстандыктарга кайрылып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келерин билдирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдаштыю

Өзүнүн кайрылуусунда Дон Уилсон алдыда өтө турган эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келип, өлкөнүн маданияты жана каада-салттары менен таанышууну, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Дон «Дракон» Уилсон мушташ өнөрүнө арналган тасмалардын эң таанымал актёрлорунун бири катары кеңири белгилүү. Кино тармагындагы чыгармачылык жолуна чейин ал профессионалдык кикбоксингде чоң ийгиликтерге жетишкен. Актёрго өзгөчө популярдуулукту «Кровавый кулак» тасмалар сериясы алып келген. Бул анын чыгармачылык карьерасындагы эң белгилүү кинофраншизалардын бири болуп, Дон Уилсон аталган сериянын сегиз бөлүгүндө башкы ролдорду жараткан. Ал ошондой эле көрүүчүлөргө «Келечектен келген муш», «От шакеги», «Кара кур», «Кандуу жолду издөө», «Кызыл күндүн батышы», «Киборг-мергенчи», «Түн жамынган мерген», «Пайгамбар», «Чаяндар падышасы 4: Жоголгон так», «Манилдеги тиреш», «Бүт дүйнө биздин астыбызда», «Жалданмалар агенттиги», «Рио Браводо жоголгондор» жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу белгилүү. Көп жылдык чыгармачылык жолунда Дон «Дракон» Уилсон ондогон кинодолбоорлорго тартылып, америкалык кинодогу мушташ өнөрү жанрынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири катары таанылган.

Голливуд актёрунун жана легендарлуу мушташ өнөрүнүн чеберинин Кыргызстанга келиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы дагы бир маанилүү эл аралык окуя болуп, Оюндар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрдү, спорт, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү белгилүү инсандарды, ошондой эле ардактуу конокторду бириктирет. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Оюндар көчмөн элдердин бай мурасын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытып, салттуу спорт түрлөрүн, маданиятты, искусствону жана улуттук каада-салттарды бир аянтчага бириктирет.
SEREP MEDIA