Актёр Самат Эркинбеков жакында орусиялыктар менен биргеликте тартылчу тасмага башкы ролго даярданып жатканын SuperTV каналынын «Рулдагы жылдыз» берүүсүнө маек берип жатып билдирди.
«Жакында режиссёр Эрнест Абдыжапаров орусиялыктар менен биргеликте чоң долбоор баштап жатат. Буюрса, бир гана Москва менен чектелбей, КМШ өлкөлөрүнө чыгуу планыбыз бар. «Здравствуй, папа» деп аталган жаңы тасмада орусиялык актёрлор да тартылмакчы. Мен анда башкы ролду жаратам. Аталган тасма менин актёрлук карьерамда дагы бир баскыч болуп берет деп ишенем», — дейт Самат Эркинбеков.