Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Имашова Альбина Турдугуловна 18-августтан тартып штаттык ырааттамага ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды.
Альбина Имашеваны театрдын жамаатына маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Альбина Имашева 1983-жылы 6-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. 2000-жылы Бөкөнбаев айылындагы Карл Маркс атындагы орто мектепти бүтүргөн. 2005-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. 2002-жылдан бери Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында эмгектенет.











