Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде, Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын директору Алымкул Дооранович Исаков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, аталган театрдын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишими аркылуу которулду.
Алымкул Исаков — белгилүү театр ишмери. Ал 1960-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Күнөй-Кожоке айылында төрөлгөн. 1981-жылы Алма-Ата мамлекеттик театралдык-көркөм-өнөр институтун «Театр жана кино актёру» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1981-жылы С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында баштап, актёр, режиссёр жана жетекчи катары үзүрлүү иштеген. 2013-2019-жылдары Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрын жетектеген. 2019-жылдан бери Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын директору болуп иштеп келген. Ишмердиги үчүн Алымкул Исаков бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга татыган.
Алардын катарында:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» (1992-ж.);
- С.Жумадылов атындагы сыйлыктын лауреаты (2004-ж.);
- «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы (2005-ж.);
- М. Рыскулов атындагы эл аралык сыйлык (2015-ж.);
- «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы (2021-ж.).