Алып баруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына өзү жүктөдү.
«Биз үйлөнгөн күн 12.12.2020. Ар бир күн үчүн рахмат»,- деген жазуу калтырган.
Алып баруучу айым буга чейин үй-бүлөсүнүн сүрөтү менен бөлүшчү эмес. Өткөн жылы кызы жана жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Анда да жолдошунун бети көрүнгөн эмес. Кийинчерээк ал кош бойлуу экенин айтып, өткөн жылы уулдуу болушкан.