Америкалык актёр Маколей Калкин 40 жашында алгачкы ирет ата болду
Америкалык актёр Маколей Калкин жана анын сүйүктүүсү, актриса Бренда Сонг ата-эне болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/db3e46b4-afb7-4fc8-96b8-339124bdb694-300x168.jpg" alt="" width="407" height="228" />
"Үйдө жалгыз" тасмасынын жылдызы ымыркайына буга чейин каза болгон эжеси Дакотанын урматына, Дакота Сонг деген ысым ыйгарган. Актёрдун эжеси жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон унаа сүзүп кетип каза болгон.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/1ae42632-5cd9-4738-b4c8-0775ccc28adc-300x168.jpg" alt="" width="406" height="228" />
Маколей Калкиндин мураскери 5-апрелде Лос-Анжелестеги клиникалардын биринде саат 13:00дө төрөлгөн, салмагы 3,110 килограмм. Кубанычтуу кабар жөнүндө жубайлар "Биз абдан бактылуубуз" деп комментарий беришкен.
Маколей Калкин менен Бренда Сонг бир нече жыл мурун Таиландда тасма талаасында таанышкан.