Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кенже Дүйшееванын жаңы чыгармасы жарык көрдү.
«Үлпүнчөк» деп аталган чыгарма тууралуу ырчы “Жаңы чыгарманы даярдап жаткан учурда ары ойлонуп, бери ойлонуп, кыялдарда термелесиң. Ал чыгарма узак жашап, элдин жүрөгүнөн орун алса деген изги тилекте жан үрөп иштейсиң. Алгач “Үлпүнчөктүн» сөзүн жактырып, андан соң обону жаралды. Сөзү Урниса Кыдыралиева, обону Алишер Мамадалиевге таандык. Мисалы кыз узатуу ыры же жар-жар аткарууда сөзсүз түрдө өзүңдүн ыр куржунуң болушу шарт. Өзүң сөз жаздырып, обонуна буюртма берип дегендей… Жөн гана даяр нерсеге көнгөн дурус эмес. Мисалы бир эле чыгарманы баары тойдо, жакшылыктарда аткара бергенди жактыра бербейм. Ар бир аткаруучу өзүнө жеке ыр даярдаганы туура. Себеби ар бир аракетте мыкты чыгармалардын жаралышына шарт түзүлөт эмеспи” деп жазган.










