Шоувумен Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына “Орусия мага «Орусиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарды. Мындай жогорку баага ыраазычылык билдирем» деп жазган эле. Коомчулук бул билдирүүнү «Орусиянын мамлекеттик сыйлыгы берилген тура» деп түшүнгөн болчу.
“Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкери» деген мамлекеттик сыйлык Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын сунушу боюнча Орусиянын президентинин жарлыгы менен тапшырылат. Ал эми Ассоль Молдокматовага Орус көркөм чыгарма академиясы (Академия русской словесности) тарабынан сыйлык берилген. Ал мамлекеттик сыйлык деп саналбайт.