Ырчы Аяна Касымова блогер Адилет Ногойбаевге маек берип, эмне үчүн жолдошу экөө эки жолго түшкөнүн айтты.
«Баарыбыз күнөөлүүбүз. Мен өзүмө башка жашоону, башка жолду тандадым. Мен мага ыңгайсыз болгон үйдөн кеттим. Ал жерде өзүмдү корголгондой сезчү эмесмин. Сен турмушка чыкканда сага таптакыр тааныш болбогон чөйрөгө, үйгө, үй-бүлөгө барасың да. Кыз үчүн бул өтө оор. Биз кайнене жана кайнатам менен жашачубуз. Эки кожойкенин бир ашканага батпайт дегени чын экен. Кандай болгон күндө да бир нерсе жакпай калышы мүмкүн, пикир келишпестик болот. Мен келинмин да, дайыма бир нерсе жасап турушум керек. Бөлүнүп жашоого ата-энеси каршы болчу. Мен антип жашай албасымды түшүндүм.
Сен ата-энең менен жашасаң, жөнөкөй эле жолдошуң менен бирге өткөргөнгө убакыт жок болуп калат. Биз ушунчалык көр-тириликке кирип кетчүбүз, күндүн аягында чарчап калчусуң. Мен келиндик кызматымды кылганга аракет кылдым. Айылга барып уй саап, каймак жасап, ичеги артып… Мен келиндик кызматтан качпайм, мен буга даяр болчумун. Бирок мунун баары сенин милдетиң катары кабыл алганда, мен өзүмдүн жашоомду жашабай жатканымды түшүндүм. «Аяна, сен эмне үчүн өз жашооң менен жашабай жатасың. Сен турмушка чыгып, бактылуу болом дечү эмес белең» деп ойлодум», — деди ал.
Ал ошондой эле үй-бүлө үчүн чыгармачылыктан баш тартканын айтты.