Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн институтунун директору болуп дайындалды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы мырзаны куттуктап чалганыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
«Мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүн аяктагам. Окууну аяктап эле Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине элдик ырларды ырдоо боюнча мугалим болуп киргем. 10 жыл иштедим. Анын 3 жылы декандын орун басары болдум. Бул жер мага бөтөн жер эмес, экинчи үйүм. Макул болуп, дароо ишке кириштим. Менин максатым — студенттерге татыктуу тарбия берип, билимин жогорулатып, жаш мугалимдерди жумушка алып, жаштар менен жаштардай иштеп, билим тарабын көтөрүүгө аракет кылам. Институтту жакшы тараптан көрсөтүп, ак эмгек менен иштөөгө даярмын», — деди ал.











