Abank_oct
SerepTV Logo

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын коло байге ээси

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын коло байге ээси
 
Бүгүн, 2-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандык спортсмен Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болду. Ал алгачкы беттешинде Индиянын өкүлү Прияны 6:1 эсебинде жеңген. Кийинки баскычта идонезиялык Варедиса Септи Путри Хидаятты 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда япониялык Кагамиге жеңилип калган. Коло медаль үчүн Өзбекстандын өкүлү Севинчой Полвонова менен күч сынашып, 10:0 эсебинде жеңишке ээ болду.
SEREP MEDIA