Abank_oct
SerepTV Logo

Непалда жер көчкү кыйратуучу селге алып келди: төрт адам дайынсыз болууда

Непалда жер көчкү кыйратуучу селге алып келди: төрт адам дайынсыз болууда

Непалда күчтүү жер көчкү жүрүп, анын кесепетинен гидроэлектростанциянын кызматкерлери жайгашкан лагерь суу алдында калган. Төрт адам дайынсыз болууда, 40ка жакын үй кыйраган. Бул тууралуу The Kathmandu Post басылмасы жазды.

Сел 11-октябрда таң эрте Будхи-Гандаки дарыясында болгон. Суу агымы үйлөрдү да агызып, үч көпүрөгө — эки жөө жүргүнчүлөр үчүн асма көпүрөгө жана бир унаа көпүрөсүнө зыян келтирген.

Гидроэлектростанциянын 18 кызматкери өз алдынча кутулууга жетишкен.

Непал август айында Кытай менен чектеш аймакта болгон кыйраткыч суу ташкынынан кийин дагы деле калыбына келүү иштерин жүргүзүп жатат. Анда 1400дөн ашуун адам каза болуп, миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон.

SEREP MEDIA