Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта Эгемендик күнү өлкө боюнча кеңири белгиленет.
Негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дөн түнкү 01:00гө чейин уланат.
Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтөт. Алардын арасында Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.
Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар катышат.











