Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулованын апасы көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын менеджери тастыктады.
«Динара Акулованы төрөгөн энеси Гүлайым Уркешова 85 жашында көз жумду. Ал Каракол шаарында жерге берилет», — деди ал.
Ал эми ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына «Алтыным энекем. Бейишимен ажырадым. Жаткан жериңиз жайлуу болсун» деп жазды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Динара Акулованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.











