Ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев Орусиянын «Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунун финалына чыгышты. Соцтармактагы баракчасына Бек Исраилов билдирүү жазды.
«Достор, биз финалдабыз. Жылуу сөздөргө рахмат. Аткарган ырды дагы бир жолу сүйүп калдым. Ал үчүн Филипп Киркоровго өзүнчө ыраазычылык билдирем. Бардык эксперттерге, айрыкча Сергей Лазаревдин колдоосуна рахмат. Мен аны ырдап жаткан учурда сезип турдум. Финалда көрүшөбүз», — деди ал.
Жарым финалда Бек Исраилов орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун «Немного жаль» аталышындагы ырын аткарып, калыстардын 93 упайына ээ болду. «Сен Филипптен жакшы ырдадың», — деди Николай Басков. Берүүнүн аягында Бек Исраилов дагы бир жолу ырдап, финалга өттү.
Буга чейин Бек Исраиловдун Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагына катышып жатканын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын менеджери билдирген. Кийин ал жарым финалга чыккан болчу.
«Ну-ка, все вместе» — элдик шоу, популярдуу британ «All together now» форматынын аналогу. Бардык стилдердин жана багыттардын өкүлдөрү өздөрүнүн вокалдык талантын көрсөтүшөт жана аларды жүз адам баалайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram