Белгилүү «Фрунзе» ырынын автору Кубан Турдукулов көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырдын аткаруучусу Салтанат Аширова ырастады.
«Бүгүн көз жумду. Жекшемби күнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт»,- деди ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кубан Турдукуловдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.