Актёр, блогер Бекболот Турдуш социалдык тармакта активдүү болбой калганда бир кезде жакын болгон белгилүү адамдар мамилесин үзгөнүн айтат. «Белгилүү блогер, ырчылар популярдуу болсоң гана мамиле кылышат экен. Азыр активдүү болбой, байланыш үзүлүп калды» дейт блогер.
«Жаңы чыгып келе жатканда көп ырчыларга, блогерлерге жолуккам. Азыр дээрлик көбү менен байланыш жок. Анткени, ырчы менен блогерлер мындай экен да, жаңы чыгып келе жатканда байланышат, анан үзүп кетет экен да. Менден да байланыш үзүп кетишти. Азыр бир да ырчы жок. Бирок ушуга чейин колдоо көрсөтүп келгендер бар», — деди ал.











